Филиалдык тор
52 филиалов
34 стационарных сберкасс
28 выездных сберкасс.
Жеке адамдар үчүн VISA Infinite төлөм карталарын чыгаруу жана тейлөө боюнча тарифтер
Өз эрежелериң менен жашоо. Жаӊы эксклюзивдүү мүмкүнчүлүктөрдү ачуу. Ыңгайлуу учуу, бардык жерде кадырлуу конок болуу, өз сатып алууларыӊ жана өз акчаларыӊ үчүн санаа тартпоо.
Ушунун баары – сизге биздин Visa Infinite менен ачыла турган кеӊ дүйнө.
Атайын сиз үчүн тандалып алынган артыкчылыктар дүйнөсү.
Сиздин жашоо деӊгээлиӊиз мурдагыдан да жогору болуп калат!
Биздин Visa Infinite картабызга ээ болгон РСК Банктын кардарлары үчүн атайын шарттар:
Калдыкка сом менен 5%, доллар менен1% кошуп эсептөө;
500 000 сомго чейинки кредиттик лимит+45 кун мезгил аралыгындагы жеңилдик (грейс);
Байланыш борборунун жетекчисине же адисине чалуу аркылуу карта боюнча лимиттерди көбөйтүү;
Персоналдык менеджер;
«РСК Банктан» Visa Infinite – чексиз артыкчылыктар дүйнөсү!
Visa Infinite сыйлык карталарынын артыкчылыктары:
Саякаттоо
Адаттагы сапарлардан чарчап, жаңы, адаттан тыш, сезимдерде ээ болгуңуз келеби? Сиз жай эс алууну каалап жатасызбы же, тескерисинче, шарактаган жүрүштү каалап жатасызбы? Балким, бал айын же үй-бүлөлүк эс алууну каалап жатасыз? Биз сиздин эс алууңузга кам көрөбүз, кызыктуу багыттарды же өзгөчө маанилүү жайларды жана окуяларды сунуштайбыз, жеке иш-чараларды, экскурсияларды жана башкаларды уюштурабыз. Консьерж саякаттын ар кандай түрлөрү боюнча жакындан жардам берет - аба жана темир жол билеттерин издеп, сатып алууну, мейманкана ээлеп коюуну, которууларды, унааларды ижарага алууну жана башкаларды уюштурат.
Бош убакытты пайдалануу
Биз сиздин жаңыча эс алууңуздун ойдогудай болушуна аракет көрөбүз. Сиз үчүн яхта, тик учак, көңүл ачкан авто жана зуулдаган катер менен айланып келүүгө ижара маселесин да чечебиз. Сиз үчүн даамы таңдайда калган тамактары бар ашканалар, кызыктуу окуялар жана иш-чаралар кол жете тургандай шарттар бар.
Бизнес тейлөө кызматтары
Биз сиздин тапшырманы так жана убагында аткарабыз, иш, жолугушуу тууралуу дароо эскертип, ар кандай сүйлөшүүлөрдү уюштуруп, валюта курстары, негизги биржалык индекстер тууралуу маалыматтарды убагында маалымдап, жооптуу күнү ойготуп коюу камылгасын көрөбүз.
Жолдогу жардам
Жол журүүдө дагы консьерж жардам берет: унааларды оңдоону, бензинди жеткирүүнү же бөтөн жерди чабыттап таап барууну уюштурат.
Үй-жайга жардам
Сизди эс алуудан же жакындарыныз менен баарлашуудан алаксытып турган үй иштеринде консьераж жеңилди жерден, оорду колдон алат. Биз сантехника, электрик же слесарь, үй жыйнап, тазалоо, кир жуу, тамак-аш даярдоо иштеринин баарына бат жардам беребиз.
Консьерж кызматына кайрылсаңыз болот:
Сиздин кызматыӊызда
Колдоо кызматы:
Барган жерге байыр алуу. Бүткүл дүйнө боюнча он миллиондогон соода түйүндөрү Visa Infinite картасын кабыл алышат. Сиз – сый, кадырлуу меймансыз.
Сиздин акчаларыӊыз дайыма колуңузда. Бүткүл дүйнө боюнча 2 миллион банкомат Visa Infiniteни кабыл алышат.
Карта ээлери үчүн «Арбын артыкчылыктар» программасынын 600дөн ашуун өнөктөштөрү үчүн атайын сунуштары.
Сатып алууларды коргоо. Visa Infinite жардамы менен сатып алууга акы төлөгөн учурдан тартып 90 күндө товар кокусунан зыянга учураган же уурдалган учурда сизге анын наркын төлөп беришет же алмаштырууну сунушташат. Сиз дүйнөнүн кайсыл гана бурчунда жүрбөӊүз, сиз кенемте алуу үчүн кайрыла аласыз. Сатып алуунун наркы – 100 доллардан баштап, жылдык максималдуу жабуу – 20 000 доллар. Visa Infinite аркылуу төлөӊүз – өз сатып алууларыӊызга ишеничте болуӊуз!
Узартылган кепилдик. Өндүрүүчү тарабынан көрсөтүлгөн кепилденген мөөнөткө кошумча, сиз дагы 24 ай тейленүүгө үмүт арта аласыз.
Жагымдуу саякаттар. Карта ээси аэропортто коштоону 25 % арзандатуу менен ээлей (брондой) алат. Speed Pass программасына бүткүл дүйнө боюнча 270тен ашуун аэропорт кошулган. Коштоо өзүнө аэропорттогу бардык формалдуу талаптардан ылдам өтүүнү, учуп келүүдө виза алууга жардам кылууну, өзүнчө коридорду жана трансферди уюштурууга жардамдашууну камтыйт.
Бүткүл дүйнө боюнча Lounge Key программасынын алкагында бизнес-залдарга акысыз кирүү. Visa Infinite картасынын ээси жылына 6 жолу дүйнө жүзү боюнча 1300дөн ашык бизнес-залдарга баруу укугуна ээ. Биринчи кирүү - акысыз. Кийинки кирүүлөр - $32. Каражат сиздин эсебиңизден автоматтык түрдө чыгарылат.
Сиз камсыздандырылгансыз. Сиз сапардын жок дегенде 50 %ын Visa Infinite картасы менен төлөөр замат, сиз жана сиздин жакын туугандарыӊыз (5 адамга чейин) автоматтык түрдө толук камсыздандыруу аласыздар. Ага төмөнкүлөр кирет:
Күнү-түнү колдоо кызматы (консьерж-тейлөө кызмат). Visa Infinite карта ээлери (кызмат көрсөтүүлөргө анын жардамы менен акы төлөө шартында) дүйнөнүн каалаган бурчунда 24/7 шарттамында төмөнкүлөр өӊдүү кызмат көрсөтүүлөр жеткиликтүү:
Эч кандай кезекиз. Сиз биздин артыкча укуктарга ээ кардарыбыз болосуз. Сизге кезекте туруунун жана кимдир бирөөнүн колу бошоосун күтүүнүн кереги жок.
Ар дайым байланышта. Биз ар дайым сиздин жаныӊыздабыз жана сизге жардам берүүгөдаярбыз.
Урматтуу Visa Infinite карта ээлери!
1-июндан тартып Visa Infinite өнүмдөрүнө (продукт) кошо орнотулган камсыздандыруу программаларынын шарттары дурус болуп калды. Төмөндө негизги өзгөртүүлөр сыпатталган:
|
Visa Infinite |
Каттамдын кармалуусу (>4 саат) |
$ 500 |
Жүктүн кармалуусу (>4 саат) |
$ 500 |