Коопсуздук чаралары

Сиздин картанын коопсуздук даражасын жогорулатуу максатында, биздин сунуштар менен таанышуу үчүн силерди сунуш. Бул банк картасынын максималдуу коопсуздугун камсыз кылат, анын чоо-жайын, PIN жана кредиттик картасын колдонуу менен бүтүмдөрдү түзүүдө башка маалыматтар, ошондой эле мүмкүн болуучу тобокелдиктерди азайтуу.

VISA

Карта накталай эмес эсептешүүлөрдүн эл аралык төлөм куралы болуп саналат, бул Карта Кармоочунун эсебинин валютасына карабастан, дүйнөнүн каалаган өлкөсүндө ал келген өлкөнүн валютасында, анын Карта Кармоочусуна операцияларды жүргүзүүгө мүмкүндүк берет.

VISA төлөм карталары боюнча тарифтери

Толугураак

Төлөм карталарын колдонуу учурунда коопсуздук чаралары 

1.         Коопсуздукту жана тобокелдиктерди минималдаштыруунун жалпы чаралары 

1.1.      Картаны алуу учурунда ага сөзсүз түрдө өзүңүздүн колуңузду коюңуз.

1.2. ПИН-код (жекече идентификациялык номер) — 4 белгини камтыган жана Картанын ээсин идентификациялоо жана Картага санкциясыз жетүүдөн сактоо үчүн дайындалган цифралардын комбинациясы.  

ПИН-код тууралуу маалыматты жалгыз Сиз гана билишиңиз керек. Картанын ПИН-кодун билдирүүнү Сизден суроого эч кимдин укугу жок.  

1.3.      ПИН-код  жана Картаны бирге сактабаңыз,  ПИН–кодду Картанын өзүнө жазбаңыз.

PIN-кодду эстеп калыңыз, же аны Картадан өзүнчө башка, чоочун жактар жете алгыс жерде  сактаңыз.

1.4.      Кайсы бир операцияларды жүргүзүү үчүн Картаны чоочун жактарга бербеңиз. 

1.5.      Көз боемочулугу жогору деңгээлде болгон өлкөлөргө (Африка өлкөлөрү, Түштүк-Чыгыш Азиа өлкөлөрү,  Латин Америка өлкөлөрү,  Молдавия, Украина, Турция, АКШ  өлкөлөрүнө) барган учурда, ушул Эскермеде баяндалган коопсуздуктун бардык чараларын өзгөчө кылдат сактоо менен колдонуңуз.

1.6.      Карта боюнча операция жүргүзгөн күндөн кийин бир жылдын ичинде товарлардын жана кызматтардын төлөнгөн акысын тастыктоочу чектерди сактап койгула. Эгерде, бүтүм кайсы бир себептер менен түзүлбөй калса, Картаны жана/же ага окшош андайы жүргүзлгөн болсо, төлөм акыларды колдонуу менен жүргүзүлгөн ийгиликсиз операциялар тууралуу чектерди сактап койгула. Көрсөтүлгөн документтер, Картаны колдонуу менен жүргүзүлгөн операциялардын туура экендигин тастыктоо үчүн же талаш-тартыш абалдарды жөнгө салуу үчүн керек болуп калышы мүмкүн.   

1.7.      Төлөм эсеби боюнча көчүрмөлөрдү туруктуу (бир айда бирден кем эмес) текшерип туруңуз. Эсеп боюнча жүргүзүлгөн операцияларга байланышкан маселелер (санкциясыз жокко чыгарылса же жаңылыш эсептөөлөр) жаралып калса, дароо эле «РСК Банк» ААКнын (мындан ары Банк) бөлүмүнө кайрылыңыз.

1.8.      Картаны колдонуу менен жүргүзүлгөн операциялар үчүн көзөмөлдү камсыз кылуу үчүн Сиз «SMS билдирүү» кызматы менен колдоно аласыз. Бул кызматтын жардамы менен Сиз Карта боюнча операциялар жүргүзүлгөндөн кийин жеткиликтүү калдык жөнүндө маалыматты, эсепке келип түшкөн акча каражаттар жана эсеп боюнча чыгыш операциялар тууралуу билдирүүлөрдү ала аласыз. Бул кызмат Банктын банкоматтарынан туташтырылат.  

1.9.      Сиздин Карта боюнча көз боемочулук операцияларды жүргүзүүдөн финансылык жоготууларды минималдаштыруу үчүн Карта менен операциялардын суммалары боюнча (ар бир операция боюнча, 24 сааттын ичиндеги операциялар боюнча), товарлардын (жумуштардын, кызматтардын) акыларын накталай эмес төлөө операциялары үчүн өзүнчө жана/же накталай акча каражаттарды алуу үчүн  операциялар, ошондой эле бардык операциялар үчүн чектөөлөрдү коюуга Сиздин мүмкүнчүлүгүңүз бар. Ушул эле максатта бир сутканын ичинде банкоматтардагы накталай акча каражаттарды алууга Банк тарабынан чектөө коюлушу мүмкүн.  

1.10.    Сиздин Карта боюнча жекече маалыматтарды жана билдирүүлөрдү тастыктоо өтүнүчү менен (электрондук почта, телефон жана башка ыкма боюнча) бардык суроо-талаптар келип түшкөн учурда Сиздин Карта боюнча (ПИН-кодду, Картанын номерин, Картанын колдонулушунун аяктоо мөөнөтүн, CVV2 – коопсуздук кодун) маалыматтарды бербеңиз, себеби кийин аларды көз боемочулук максаттарга колдонуу үчүн жашыруун маалыматты алуу максатында бул маалыматтар кылмышкерлер тарабынан колдонулат. Сак болуңуз: билдирүүлөр кадимки расмий билдирүүлөргө окшош болот (ишкердик кат стилинде болушу мүмкүн, колдонуудагы сайттарга же белгилүү уюмдардын сайты менен жакшы  маскаланган сайттарына карата шилтемелерди камтышы мүмкүн, маалымдоо «электрондук добушту» колдонуу менен автоматтык режимде  жүргүзүлүшү мүмкүн), ошондой эле жекече маалыматты укуксуз алууга мүмкүндүк бере турган  компьютердик вирустар болуп саналган, зыяндуу программаларды жөнөтүшү мүмкүн. Ушуларга окшош билдирүүлөрдү (суроо-талаптарды) алган учурда дароо Банктын  колл-борбору менен байланышыңыз. Банк менен өз ара маалыматтык байланышуу үчүн Банктан түз алына турган документтерде алардын реквизиттери сүйлөшүлгөн, байланыш каражаттарын (телефондор/факстар, кадимки жана электрондук почтаны) колдонуңуз.

1.11.    Интернет-ресурстарды коопсуз колдонуу үчүн расмий  Web-сайттардын даректерин  колдонуңуз. Бул чаралар, Кыргыз Республикасынын Банктарынын  интернет-өкүлдөрүнө окшоштурула турган Интернет Web-сайттардын торунун пайда болушуна байланыштуу.  Ушул сайттардын домендик аттары (Интернет Web-сайттардын тору аркылуу кызматтар боюнча компания сунуштаган даректер) жана ушул сайттарды толтуруу стили, эреже боюнча, банктардын түп нускалуу  Web-сайттарынын аттарына окшош болот. 

Ушундай реквизитерди колдонуу тобокелдик менен коштолот жана жаман кесепеттерге (анын ичинде финансылык жоготууларга) алып келиши мүмкүн. Банктын калп Web-сайтын өз алдыңызча тапкан учурда же ушундай маалыматтарды  электрондук почта же башка ыкма боюнча алган учурда дароо эле (312) 65-03-85 же 65-02-73 телефону боюнча Банктын  колл-борбору менен байланышыңыз.

1.12.    Сиздин карта боюнча, мисалы, күмөндүү операция болуп калса, телефон/электрондук почта/sms боюнча Банктын Сиз менен байланышуу мүмкүнчүлүгүнүн болушу үчүн өзүңүздүн байланыш маалыматтарыңызды жаңыртып туруңуз. 

2.         Картаны колдонуу менен операцияларды жүргүзүү учурунда сактануу чаралары

2.1.      Соода-сервистик ишканаларда Карта менен боло турган бардык операцияларды  өзүңүздүн катышууңузда жүргүзүңүз. Сиздин Картаны  соода-сервистик ишканалардын кызматкерлеринин башка бөлмөгө алып кетүүсүнө уруксат бербеңиз жана операцияларды жүргүзүү учурунда Сиздин көз алдыңыздан Картаны алыстатып кетүүсүнө жол бербеңиз, себеби андай учурларда Сиздин төлөм эсебиңизге жетүү максатында атайын аппаратуранын жардамы менен жасалма карта даярдап чыгаруу үчүн Сиздин Картанын маалыматтары көчүрүлүп алынышы мүмкүн.    

2.2.      Чекке кол коюудан мурда жүргүзүлө турган операциянын бардык маалыматтары документте туура көрсөтүлгөндүгүнө ишеним алыңыз. Эгерде, көрсөтүлгөн маалыматтардан Сиз так эмес маалыматты байкасаңыз, колуңузду коюудан баш тартыңыз жана жүргүзүлгөн операцияны кайра чакыруу менен жокко чыгарууну сураныңыз. Операция жокко чыгарылган учурда операция жокко чыгарылгандыгы жөнүндө чекти алуу керек.

2.3.      Сиздин Картанын тагы менен болгон толтурулбаган чектерди, башкача айтканда, Сиздин колуңуз же операциянын суммасы жок чектерди соода-сервистик ишканаларда калтырбаңыз.    Толтурулбаган, ошондой эле «бузулган»  чектер, дароо эле Сиздин катышууңузда,   соода-сервистик уюмдун кызматкери тарабынан жок кылынышы керек. 

2.4.      Карта менен болгон операциялар боюнча төлөм документтерин таштабаңыз жана соода-сервистик уюмдарда калтырбаңыз, себеби аларда Картанын толук номери басылып чыгышы мүмкүн. 

2.5.      Соода-сервистик ишканаларда операция жүргүзгөн мезгилде ПИН-кодду киргизүү учурунда ал атайын түзүлүштөн (ПИН-пад же ПОС-терминалдын өзү аркылуу) киргизилип, кассалык аппарат же ПОC-терминал менен  түздөн түз туташылгандыгына көңүл буруңуз. Бир эле жерден ар кандай түзүлүштөрдөн, кайталап төлөөдөн же операция жокко чыгарылгандан башка учурларда, ПИН-кодду эки жолу киргизүү керек деген сунушка макул болбоңуз, 

2.6.      Карта боюнча операция жүргүзүү учурунда банктын же соода-сервистик ишкананын  кызматкери Сиздин жеке өзүңүздү күбөлөндүрүүчү документти талап кылууга укугу бар экендигине Сиздин көңүлүңүздү бурабыз.

2.7.      Банктын талабы боюнча Картанын жардамы менен товарлардын/кызматтардын акысын төлөө жүргүзүп жаткан банктын кызматкери же соода-сервистик ишканалардын  кызматкери тарабынан Сизден Карта алынып коюулушу мүмкүн. Андай учурда Сиз сөзсүз түрдө Карта алынып коюулгандыгы жөнүндө актты алышыңыз керек жана картага бөгөт коюу үчүн кечиктирбей дароо Банк менен байланышуу керек.

2.8.      Операция жүргүзүлгөндөн кийин ушул эле учурда кайтарылган Карта сизге таандык экенине ишеним алгандан кийин Картаны ала кетүүнү унутпаңыз. 

2.9.      Ишенимдүү соода-сервистик ишканалардан гана акысын төлөө үчүн Картаны бериңиз. Төмөнкүдөй  соода-сервистик ишканалардан операцияларды жүргүзүү учурунда өзгөчө кылдаттыкты сактаңыз: 

•• оюн-зоок борборлору

•• ювелирдик салондор

•• туристтик агенттиктер

•• интернет-кызматтар (билеттерди заказ кылууда, товарлардын/кызматтардын акысын төлөөдө, мейманканалардан орун алуу учурунда ж.у.с.)

Өзгөчө Чыгыш Европа, Азиа-Тынч океан аймактар өлкөлөрүндө, п. көрсөтүлгөн, көз боемочулук жогорку деңгээлде болгон өлкөлөрдө  саякаттап жүргөн учурда бул тууралуу эске алуу абдан маанилүү.    

2.10.    Сиздин Картанын тобокелдиктерин минималдаштыруу үчүн товарларды сатуудан тышкары акча каражаттарды накталайга айландыруу  менен да иш алып баруучу соода-сервистик ишканалардан накталай акча каражаттарды алуудан алыс болуңуз. Андай максаттар үчүн накталай акчаларды берүүчү, коопсуз жерлерде жайгашкан  пункттарды же банкоматтарды (банктын бөлүмдөрү, мамлекеттик мекемелер, ири соода комплекстери, мейманканалар, аэропорттор ж.у.с.).  

2.11.    Өзүн-өзү тейлөөчү банкоматтан/терминалдан операция жүргүзүү учурунда анын тышкы көрүнүшүн карап чыгыңыз. Күмөндүүлүктү жараткан (картаны окуу үчүн түзүлүштөгү накладка, PIN-кодду киргизүү үчүн  клавиатурадагы накладка, банкоматтын бет жагында же ага камера орнотулушу мүмкүн боло турган аны менен катарлаш турган накладка ж.у.с.) түзүлүштөр, зымдар жана башка буюмдар байкалган учурда, Картаны окуй турган ал түзүлүшкө салбаңыз.  Мүмкүн болсо, күмөндүү түзүлүштөр байкалгандыгы жөнүндө билдирүү үчүн өзүн-өзү тейлөөчү банкоматты/терминалды орноткон уюм менен байланышыңыз. 

2.12.    Көз боемочулук операцияларды болтурбоо максатында жана эл аралык төлөм системаларынын көрсөтмөлөрүнө ылайык, Банк тарабынан банкоматтарга  карталардын магниттик жолдорунун маалыматтарын санкциясыз көчүрүп алууну болтурбоого мүмкүндүк бере турган көк түстөгү атайын типтүү  накладкалар орнотулат.  Коопсуздукту кошумча камсыз кылуу үчүн антискиммингдик накладканын тышкы түрү жөнүндө банкоматтын экранында маалымат чыкса, сунуш кылынган сүрөтү менен болгон накладканын тышкы түрүн салыштырыңыз.

Келишпестик табылса, телефон боюнча колл борбору менен байланышыңыз.

2.13.    Эгерде, банкоматка жакын жерде Сиз тарабынан күмөндүү адамдар жүргөндүгү байкалса, операцияны жакшы жарык жана коопсуз жерде жайгашкан жерде орнотулган, башка банкоматтан, же накталай акча каражаттарды берүү пунктунан жүргүзүү сунуш кылынат.    

2.14.    Төмөнкүлөргө Сиздин көңүлүңүздү бурабыз: банкоматтар жана өзүн-өзү тейлөөчү башка терминалдар орнотулган, атайын жабык жайларга жетүүнү камсыз кылуу үчүн төлөм карталарды эсептегич ПИН–кодду киргизүүнү талап кылбашы керек.  Эгерде, ПИН–кодду киргизүүнү талап кылган жабдык орнотулган ошондой жайга кирген учурда, ал жабдык менен колдонбоңуз.

2.15.    ПИН–кодду киргизүү менен байланышкан операцияны жүргүзүү учурунда клавиатурадан киргизиле турган ПИН–кодду тегеректегилердин көрүп калбашы үчүн этият болуңуз, ал үчүн мисалы, Сиздин аракеттерди видеого жазуу жана киргизилип жаткан ПИН–код тууралуу маалыматты башкалардын көрүп калуу мүмкүндүгүн болтурбоо үчүн клавиатураны экинчи колуңуз менен жаап туруңуз.  Карталар боюнча операцияларды жүргүзүү учурунда башка жактарды жардамга чакырбаңыз.

2.16.    Техникалык жактан жаралган көйгөйлөрдүн кесепетинен банкомат/өзүн-өзү тейлөөчү жабдык  Сиздин Картаны кармап калса, дароо эле маалыматты, Картаны качан жана кайдан алууга боло тургандыгын тастыктоо үчүн банкоматты/өзүн-өзү тейлөөчү жабдыкты тейлөөчү Банк менен байланышыңыз. Телефон аркылуу Банктын колл борбору менен байланышып, Картаны колдонууну убактылуу токтотуу (Картага убактылуу бөгөт коюу) сунушталат.

2.17.    Банкоматтан суралган сумманы толугу менен же кайсы бир бөлүгү алынбай калса же акча салуу (накталай акчаларды кабыл алуу функциясы менен болгон түзүлүштөрдө) операциясын жүргүзүү учурунда көйгөйлөр жаралса,  жаралган көйгөй тууралуу арыз толтуруу үчүн Банкка кайрылыңыз.  Сиздин ПИН–код башка адамдарга белгилүү болуп калгандыгы боюнча Сизде күмөндүүлүк жаралса, Сиздин Карта мыйзамсыз колдонулгандыгы боюнча Сиз күмөндөр болсоңуз, Карта жоголсо, уурдалса же банкомат тарабынан кармалып калса,   телефон аркылуу дароо Банктын колл борбору менен байланышуу керек же Картага бөгөт коюу жана жаңы Карта заказ берүү өтүнүчү менен жеке өзүңүз Банкка кайрылышыңыз керек. 

3.         Интернет тору, телефон/факс, почта аркылуу товарлардын (жумуштардын, кызматтардын) акыларын накталай эмес төлөө операцияларын жүргүзүү учурунда коопсуздук чаралары.

3.1.      Интернет тору, телефон/факс, почта аркылуу товарлардын (жумуштардын, кызматтардын) акыларын накталай эмес төлөө операцияларын жүргүзүү учурунда Сизден CVV2 (коопсуздук кодунун үч цифрасын) көрсөтүүнү суранышы мүмкүн. Бул белги Картанын арт жагында (кол коюу үчүн тилкеде же анын оң жагындагы атайын поледе басылган, акыркы үч цифралар) болот жана Банк тарабынан Кардарды кошумча текшерүү үчүн кызмат кылат.

3.2.      Кармоочуну идентификациялоо үчүн ПИН-кодду киргизүү, картанын маалыматтарын окуу функциясы менен болгон терминалдарда Карта Кармоочунун өзүнүн катышуусунда ПИН-пад: Карта менен операция жүргүзүү учурунда гана жана клавиатура, төлөм терминалы же кассалык аппарат менен туташылган атайын түзүлүштөрдүн жардамы менен гана жүргүзүүгө болот.   Интернет тору, телефон/факс, почта аркылуу товарлардын/кызматтардын акыларын накталай эмес төлөө операцияларын жүргүзүү учурунда ПИН-код жөнүндөгү маалыматты бербеш керек.

3.3.      Операцияларды Интернет-дүкөндөрүндө жүргүзүү учурунда кардардын маалыматтарын коргоо боюнча басылып чыккан милдеттенмелеринин бар экендигин, VISA төлөм системасы тарабынан сертификациялангандыгын жана уюмдун байланыш маалыматтары  сайтта бар экендигин текшергиле. Мүмкүн болушунча сайтта көрсөтүлгөн даректердин жана телефондун туура экендигине ишеним алыңыз. Керектүү маалыматтарды киргизүү, HTTPS-протоколун колдонуу менен корголгон каналдан өтүшү керек.  

3.4.      Сак болуңуз, жашыруун маалыматты алуу максатында Web-сайттар (товар/кызматты заказ кылуу үчүн кардарларга   электрондук формаларды толтуруу жана төлөм эсептеринин, карталардын реквизиттерин, анын ичинде  ПИН-кодду көрсөтүү сунушталат) көз боемочулар тарабынан колдонулушу мүмкүн.  

Мисалы, белгилүү Интернет-дүкөндүн; «бир күндүк дүкөндүн»; чынында жок уюмду ж.у.с. көрсөтүүчү сайттын эгиз сайты сыяктуу көз боемочулуктун ушундай түрлөрү кездешет. Интернет тору аркылуу операцияларды жүргүзүүдө жана Сиздин жекече маалыматты жана Сиздин Карталар тууралуу маалыматты берүүдө этият болуңуз.

3.5.      Сиздин төлөм карта боюнча көз боемочулукту болтурбоо максатында, төмөндө көрсөтүлгөн өлкөлөрдүн биринен Төлөм картасын колдонуудан кийин  картага богөт коюу үчүн же Сиздин картаны жаңы картага алмаштырып берүү үчүн Банкка кайрылууга Банк кеңеш берет:

• Таиланд

• Малайзия

• Тайвань

• Бразилия

• Гонконг

• Индонезия

• Сингапур

• Мексика

• Нигерия

• Украина

• Турция

Эсиңизде болсун:

•  Көз боемочулук сайттардан  жүргүзүлгөн транзакциялар үчүн Банк жоопкерчилик тартпайт.

• Карта  боюнча жүргүзүлө турган бардык операциялар (анын ичинде Интернет-операциялар), карточканын реквизиттерин колдонуу менен жүргүзүлгөн операциялар, ошондой эле кардардын эсебинен эсептен чыгарылган бардык суммалар үчүн Кардар жоопкерчиликте болот.

•  Интернет-операцияларды жүргүзүү менен байланышкан бардык тобокелдиктерди Кардар тартат.

• Эгерде, Банктан көз карандысыз кырдаалдар боюнча операция өтпөй калса, Банк жоопкерчилик тартпайт