Филиалдык тор
52 филиалов
34 стационарных сберкасс
28 выездных сберкасс.
«РСК Банк» ААК баардык VISA төлөм карталарын кармоочуларга – «ПИН-кодду алмаштыруу» деген – жаңы кошумча кызматты сунуш кылат.
«ПИН-кодду алмаштыруу» – жаңы кызматы, «РСК Банк» ААКнын өзүн-өзү тейлөөчү жабдууларында VISA төлөм картасынын ПИН-кодун 4 сандан турган каалаган ыңгайлуу комбинацияга өз алдынча алмаштыруу мүмкүндүгүн берет.
ПИН-кодду алмаштыруу – АКЫСЫЗ.
Нускама:
Өтүнүч, өзүңүздүн VISA картаңызды (чип жагы үстүндө жана алдыга карай) банкоматтын карта салгычына же төлөм терминалына салыңыз. Сүрөттө банкоматтын экраны тартылган. Жогорку «ТИЛ ТАНДОО» деген сапта, андан аркы түшүндүрүүлөр кайсы тилде чыга тургандыгын көрсөтөт. Сиз тандап алган тил менен андагы жаача ага көрсөтүп турган, экрандагы катар кнопканы басуу керек.
Картаны киргизүүдөн жана тилди тандоодон кийин Сиз ПИН-кодду киргизишиңиз керек.
Монитордун алдында жайгашкан цифралары менен (ПИН-клавиатура) кнопкаларды тандоо керек. Сиз цифраларды терип алгандан кийин экранда **** белги пайда болот. Монитордон оң жактагы «Улантылсын» («Продолжить») жазуусунун каршысындагы кнопканы басыңыз.
«ПИН-кодду алмаштыруу» деген жазуунун каршысындагы кнопканы басуу менен «ПИН-кодду алмаштыруу» режимин тандап алыңыз. ПИН-кодду алмаштырууну каалагандыгыңызды тастыктоо үчүн «Улантылсын» («Продолжить») функциясын аткаруу керек.
Андан ары, Сиз колдонуудагы (эски) ПИН-кодду киргизишиңиз керек. Андан ары, ПИН-код туура киргизилген учурда «Улантылсын» («Продолжить») функциясы аткарылат, андан кийин кийинки терезе чыгат, андан Сиз үчүн ыңгайлуу жана жеңил эсте кала турган, ЖАҢЫ ПИН-кодду киргизүү керек!
ЖАҢЫ ПИН-кодду туура киргизген учурда, аны тастыктоо керек.
Куттуктайбыз! ПИН-код ийгиликтүү өзгөртүлдү!