РСК Банктан ар бириңиздерге алтын статус! ...

17.09.2019

Толугураак

Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүк күнү менен куттуктайбыз!...

30.08.2019

Толугураак

2019-жылдын июль айындагы "Сиздин бонус" акциясын...

23.08.2019

Акция "Red Petroleum" АТБ тармагы менен биргеликте жүргүзүлүп жатат

Толугураак

"Ырыскы" филиалыбызда кредиттик бөлүм толук кандуу...

23.08.2019

Толугураак

Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүк күнү менен куттуктайбыз!

30.08.2019

Урматтуу кесиптештер жана өнөктөштөр!

Биздин Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнү - өз өлкөбүздөгү, мамлекетибиздеги биз сүйгөн жана баалаган жетишкендиктерди даңазалап турган майрамыбыз менен баарыңыздарды куттуктайбыз!

Биздин республика табиятынын кооздугу – дүйнөнүн чар тарабынан туристтерди арбап турган бийик тоолору, көлдөрү, дарыялары, анан дагы албетте, биздин конокторду кайдыгер калтырбаган, өзүнүн сыпайылыгы менен суктандырган бийик маданияты аркылуу ар дайым сыймыктанып турат.

Биздин Куттуу Жергебизге буйруп-насип болуп турган ушул мурасты сактап гана калбастан, бизге келген ар бир конок кайра келүүгө кыялданып, шашып тургандай денгээлге жеткире алууга жамы аракетте болорубузга үмүт артабыз.

Биздин көз карандысыздык - күжүрмөн эмгектин жана эбегейсиз зор сыноолордун жемиши. Гүлдөгөн келечекке жетүү элибиздин колунда жана буга жалпыбыздын жапа тырмак аракетибиз чоң салым болоруна ишенебиз.

Эгемен өлкөбүздүн түбөлүгү түз болуп, анын шарапатында ар бир үйдө мээрим, ынтымак-ырыскы туруктуу түнөк алып, мекенчилдик маанайыбыз мажирөө болбой, өлкөбүзгө болгон ыйык сезимдер, чексиз сүйүүлөр  республикабыздын жана анын жарандарынын жыргалчылыгын жогорулата алган  иш-багыттарга жетелеп гана турсун!

Майрамыбыз куттуу болсун, урматтуу кесиптештер, замандаштар жана өнөктөштөр!