Элкарт

«ЭЛКАРТ» төлөм картасы - магниттик технологияны пайдалануу менен жергиликтүү Улуттук карта. Карталар Кыргыз Республикасынын бардык аймагында тейленет.

Элкарт төлөм карталары боюнча тарифтер

Толугураак

 «ЭЛКАРТ Бизнес» - юридикалык жактар же жеке ишкерлер үчүн карта, бул  «ЭЛКАРТ Бизнес» карталарын компаниянын максаттарын ишке ашырууда тиешелүү суммаларды берүү, товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн нак эмес төлөөгө, товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатуудан түшкөн кирешелерди алууда нак эмес түрдө төлөөгө мүмкүндүк берет. Карта банк эсебин ачтырып, пайдалануу жана кардар үчүн төмөнкүдөй мүмкүнчүлүктөрү бар эсептеги акча каражаттарын тескөө  каражаты болуп саналат:

• Кызматкерлердин иш сапарынын чыгашаларын онлайн режиминде контролдоо жана талдоо;

• Отчетко тиешелүү суммаларды чыгарууга байланыштуу операциялык чыгашаларды жана убакытты кыскартуу;

• Белгиленген лимиттери бар бир нече банктык карталарды компаниянын бир эле эсебине байланыштырууга болот;

• Карта менен нак эмес төлөө;

• Жеке жана ишкердик чыгаша статьяларын бөлүү;

• Корпоративдик карта боюнча акча каражаттарынын жүгүртүлүшүн контролдоо жана талдоо;

• Каражаттарды чыгашалоого лимиттерди (чектөөлөрдү) белгилөө мүмкүнчүлүгү;

• Лимиттин чегинде контактсыз төлөмдөрдү жүргүзүү мүмкүнчүлүгү.