Элкарт Социалдык картасы

Элкарт

«ЭЛКАРТ» төлөм картасы - магниттик технологияны пайдалануу менен жергиликтүү Улуттук карта. Карталар Кыргыз Республикасынын бардык аймагында тейленет.

Элкарт төлөм карталары боюнча тарифтер

Толугураак

“Элкарт”-“Социалдык төлөмдөр” - бул социалдык төлөмдөр менен жардамдарды (пособиелерди)  алууда коопсуздукту  жана ыңгайлуулукту камсыздай турган социалдык карта.  Социалдык картанын жардамы менен ар кандай кызматтардын төлөмдөрүн аткарса болот, ошол эле учурда, турак-жай-чарбалык төлөмдөр, салык төлөмдөрү, дүкөндөрдө сатып алган буюмдарыңызга төлөмдөрдү  жасасаңыз болот. Социалдык картанын ээси өзүнө тиешелүү төлөмдөрдү алууну жөнөкөйлөтүү менен  өз турмушун кыйла жеңилдете алат. Жардамдарды (пособиелерди) картага алган учурда ЭЛКАРТ системасынын жакын жердеги банкоматынан каалаган учурда, накталай алганга мүмкүнчүлүк алат - мында кассага кезекке туруу же кандайдыр бир кагаздарды,  ж.б. толтуруунун эч кереги жок.

 

Социалдык картанын артыкчылыктары:

-бекер чыгарып берүү жана тейлөө;

-калкты социалдык коргоо органдарынын акчалай төлөмдөрү которулган күнү, автоматтык түрдө Сиздин эсебиңизге түшөт;

-жума ичинде 7 күн бою социалдык карта менен банкоматтардан акча алуу ыңгайлуулугу;

-коммуналдык кызматтардын төлөмдөрү, электр, газ, үйдөгү жана мобилдик телефондор, салык төлөмдөрү-бардык кызматтарга бир жерден, кезексиз жана кошумча чыгым кетирбестен төлөө мүмкүнчүлүгү;

-дүкөндөрдө банк карталары менен төлөгөнүңүздө, алган товарлар менен кызматтарга эч кандай комиссиясыз төлөө мүмкүнчүлүктөрүңүз болот.

Эсеп ачуу үчүн Сиз паспортуңуз менен биздин Банктын бардык бөлүмдөрүнө кайрылганыңыз жетиштүү.