Филиалдык тор
52 филиалов
34 стационарных сберкасс
28 выездных сберкасс.
РСК Банк карта эске алуу менен келишилген бүтүмдөр боюнча өз кардарлары, ээлери кызмат SMS-маалыматтарды сунуштайт.
«SMS - маалымдоо» кызматына туташуу менен Сиз Сиздин эсепке акча каражаттардын келип түшкөндүгү тууралуу маалыматы менен SMS билдирүүнү ала аласыз.
«SMS - маалымдоо» кызматына Туташтыруу, Ажыратуу – Акысыз.
1 «SMS - маалымдоонун» баасы (акча каражаттар ар бир келип түшкөндүгү үчүн) - 3 сом;
Бул кызмат, Банктын Кардары тарабынан бир банктык картага бир гана телефондук номерге туташтырылышы мүмкүн. Уюлдук тор операторлору, «Нур Телеком» ЖЧК (О!), «Бител» ЖЧК (Beeline), «Альфа Телеком» ЖАК (MegaCom).
«SMS - маалымдоо» кызматына кантип туташууга болот:
Сураныч, банкоматтын же Cash-in түзүлүштөрүнүн (жабдыктарынын) карта салгычына Алай Кард картасын (чип үстүндө жана алдыга карай) салыңыз. Сүрөттө банкоматтын экраны тартылган. Жогорку «ТИЛ ТАНДОО» сабы, кийинки көрсөтмөлөр кайсы тилде чыга тургандыгын көрсөтөт. Сиз тандаган тил менен жаача (стрелка) ага көрсөтүп турган, экран менен катар кнопканы басуу керек.
Картаны киргизүүдөн жана тилди тандоодон кийин Сиз ПИН-кодду терип киргизишиңиз керек.
Монитордун алдында, төмөндө жайгашкан сандары менен клавишаларды басыңыз (ПИН-клавиатура). Андан сандардын комбинациясын терип баскандан кийин экранда төрт **** белги пайда болот. Монитордун оң жагындагы «Улантылсын (Продолжить)» жазуусу менен кнопканы басыңыз.
Андан кийин биздин өлкөнүн операторлорун тандап алууңуз керек жана кийинки терезеден Сиздин мобилдик телефондун номерин терип киргизиңиз.
КӨҢҮЛ БУРУҢУЗ: «SMS - маалымдоо» - кызматын алуудан мурда, ушул кызматка туташуу керектигине көңүл коюп ишеним алыңыз.
Андан кийин «Улантылсын (Продолжить)» функциясын аткарыңыз.
Куттуктайбыз! Кызмат туташылды! «Улантылсын (Продолжить)» кнопкасын басыңыз жана нускамасы менен текстти алыңыз.
Сиздин уюлдук телефонду башка чоочун жактарга бербеңиз;
КӨҢҮЛ БУРУҢУЗ: Мобилдик телефондун өчүрүлгөн, телефон тордун иштөө зонасынан тышкары жерде болушу, телефонду переадресациялоо, ошондой эле мобилдик байланыштагы провайдерде жаралган техникалык көйгөйлөрдүн натыйжасында жаралган себептер боюнча SMS-билдирүүлөрдүн жеткирилбей же өз убагында жеткирилбей калгадыгы үчүн Банк жоопкерчилик тартпайт.
Байланыш боюнча коргоо камсыз кылынбаган каналдар боюнча бериле турган, жашыруун маалыматтын сакталышы жана бүтүндүгү үчүн Банк жоопкерчилик тартпайт.