Алай-Кард карта кармоочулары үчүн Эскерме

Алай-Кард карта кармоочулары үчүн коопсуздук боюнча Нускама

«Алай Кард» төлөм карталары

«Алай Кард» системасы, Кыргызстандагы накталай эмес банктык төлөмдөрдүн алдыңкы системасы.
Азыркы учурда КРдин бардык аймактарындагы тейлөө пункттарынын санын 170 ашык банкоматтар жана POS-терминалдар түзөт.

Жеке жактар үчүн Алай Кард тарифтери

Юридикалык жактар үчүн Алай Кард тарифтери

Толугураак

Алай-Кард картасын кармоочулар үчүн Эскерме (памятка)

Алай Кард системасы микропроцессордук чип технологиясынан негизделген, пластикалык  карталар колдонулгандыгына байланыштуу, азыркы учурда аларды жасалма кылып алууга мүмкүн эмес, ошондой эле ошол картада жазылган маалыматты көчүрүп алуу жана криптографиялык маалыматты колдонуу да мүмкүн эмес, авторизациялоонун негизги ыкмасы, карта кармоочуга гана белгилүү болгон  ПИН-кодду киргизүү болуп саналат.   

1.1.    ПИН-код (жекече идентификациялык номер) — 4 белгини камтыган жана Картанын ээсин идентификациялоо жана Картага санкциясыз жетүүдөн сактоо үчүн дайындалган цифралардын комбинациясы.  

ПИН-код тууралуу маалыматты жалгыз Сиз гана белишиңиз керек. Картанын ПИН-кодун билдирүүнү Сизден суроого эч кимдин укугу жок.  

1.2.    ПИН-код  жана Картаны бирге сактабаңыз,  ПИН–кодду Картанын өзүнө жазбаңыз.

PIN-кодду эстеп калыңыз, же аны Картадан өзүнчө башка, чоочун жактар жете алгыс жерде  сактаңыз.

1.3.      Кайсы бир операцияларды жүргүзүү үчүн Картаны чоочун жактарга бербеңиз. 

1.4.      Карта боюнча операция жүргүзгөн күндөн кийин бир жылдын ичинде товарлардын жана кызматтардын төлөнгөн акысын тастыктоочу чектерди сактап койгула. Эгерде, бүтүм кайсы бир себептер менен түзүлбөй калса, Картаны жана/же ага окшош төлөм (башка Картаны колдонуу менен накталай төлөөнү) колдонуу менен жүргүзүлгөн ийгиликсиз операциялар тууралуу чектерди сактап койгула.

Көрсөтүлгөн документтер, Картаны колдонуу менен жүргүзүлгөн операциялардын туура экендигин тастыктоо үчүн же талаш-тартыш абалдарды жөнгө салуу үчүн керек болушу мүмкүн.  

1.5.      Төлөм эсеби боюнча көчүрмөлөрдү туруктуу (бир айда бирден кем эмес) текшерип туруңуз. Эсеп боюнча жүргүзүлгөн операцияларга байланышкан маселелер (санкциясыз жокко чыгарылса же жаңылыш эсептөөлөр) жаралып калса, дароо эле «РСК Банк» ААКнын (мындан ары Банк) бөлүмүнө кайрылыңыз.

1.6. Сиздин Карта боюнча көз боемочулук операцияларды жүргүзүүдөн финансылык жоготууларды минималдаштыруу үчүн Карта менен операциялардын суммалары боюнча (ар бир операция боюнча, 24 сааттын ичиндеги операциялар боюнча), товарлардын (жумуштардын, кызматтардын) акыларын накталай эмес төлөө операциялары үчүн өзүнчө жана/же накталай акча каражаттарды алуу үчүн  операциялар, ошондой эле бардык операциялар үчүн чектөөлөрдү коюуга Сиздин мүмкүнчүлүгүңүз бар. Ушул эле максатта бир сутканын ичинде банкоматтардагы накталай акча каражаттарды алууга Банк тарабынан чектөө коюлушу мүмкүн. 

1.10.    Сиздин Карта боюнча жекече маалыматтарды жана билдирүүлөрдү тастыктоо өтүнүчү менен (электрондук почта, телефон жана башка ыкма боюнча) бардык суроо-талаптар келип түшкөн учурда Сиздин Карта боюнча (ПИН-кодду, Картанын номерин, Картанын колдонулушунун аяктоо мөөнөтүн, CVV2 – коопсуздук кодун) маалыматтарды бербеңиз, себеби кийин аларды көз боемочулук максаттарга колдонуу үчүн жашыруун маалыматты алуу максатында бул маалыматтар кылмышкерлер тарабынан колдонулат.

Сак болуңуз: билдирүүлөр кадимки расмий билдирүүлөргө окшош болот (ишкердик кат стилинде болушу мүмкүн, колдонуудагы сайттарга же белгилүү уюмдардын сайты менен жакшы  маскаланган сайттарына карата шилтемелерди камтышы мүмкүн, маалымдоо «электрондук добушту» колдонуу менен автоматтык режимде  жүргүзүлүшү мүмкүн), ошондой эле жекече маалыматты укуксуз алууга мүмкүндүк бере турган  компьютердик вирустар болуп саналган, зыяндуу программаларды жөнөтүшү мүмкүн. Ушуларга окшош билдирүүлөрдү (суроо-талаптарды) алган учурда дароо Банктын  колл-борбору менен байланышыңыз. Банк менен өз ара маалыматтык байланышуу үчүн Банктан түз алына турган документтерде алардын реквизиттери сүйлөшүлгөн, байланыш каражаттарын (телефондор/факстар, кадимки жана электрондук почтаны) колдонуңуз.

1.11. Ушундай реквизитерди колдонуу тобокелдик менен коштолот жана жаман кесепеттерге (анын ичинде финансылык жоготууларга) алып келиши мүмкүн. Банктын калп Web-сайтын өз алдыңызча тапкан учурда же ушундай маалыматтарды  электрондук почта же башка ыкма боюнча алган учурда дароо эле (312) 65-03-85 же 65-02-73 телефону боюнча Банктын  колл-борбору менен байланышыңыз.

1.12.    Сиздин карта боюнча, мисалы, күмөндүү операция болуп калса, телефон/электрондук почта/sms боюнча Банктын Сиз менен байланышуу мүмкүнчүлүгүнүн болушу үчүн өзүңүздүн байланыш маалыматтарыңызды жаңыртып туруңуз. 

 

2.         Картаны колдонуу менен операцияларды жүргүзүү учурунда сактануу чаралары

2.1.      Соода-сервистик ишканаларда Карта менен боло турган бардык операцияларды  өзүңүздүн катышууңузда жүргүзүңүз. Сиздин Картаны  соода-сервистик ишканалардын кызматкерлеринин башка бөлмөгө алып кетүүсүнө уруксат бербеңиз жана операцияларды жүргүзүү учурунда Сиздин көз алдыңыздан Картаны алыстатып кетүүсүнө жол бербеңиз.

2.2.      ПИН-код же ПИН-падды терип алуудан мурда соода-сервистик ишканалардын кызматкери тарабынан жүргүзүлүп жаткан операциядагы сумма  туура жазылгандыгына ишеним алыңыз. Эгерде, Сиз жазылган суммадан так эместикти байкасаңыз, ПИН-кодду киргизүүдөн баш тартыңыз.  

2.3. Банктын талабы боюнча Картанын жардамы менен товарлардын/кызматтардын акысын төлөө жүргүзүп жаткан банктын кызматкери же соода-сервистик ишканалардын  кызматкери тарабынан Сизден Карта алынып коюулушу мүмкүн. Андай учурда Сиз сөзсүз түрдө Карта алынып коюулгандыгы жөнүндө актты алышыңыз керек жана картага бөгөт коюу үчүн кечиктирбей дароо Банк менен байланышуу керек.

2.4.      Операция жүргүзүлгөндөн кийин ушул эле учурда кайтарылган Карта сизге таандык экенине ишеним алгандан кийин Картаны ала кетүүнү унутпаңыз.

2.5.  Төлөм жүргүзүү үчүн Картаны Сиз ишенген гана соода-сервистик ишканаларга бериңиз.  

2.6.      Сиздин Картанын тобокелдиктерин минималдаштыруу үчүн товарларды сатуудан тышкары акча каражаттарды накталайга айландыруу  менен да иш алып баруучу соода-сервистик ишканалардан накталай акча каражаттарды алуудан алыс болуңуз. Андай максаттар үчүн накталай акчаларды берүүчү, коопсуз жерлерде жайгашкан  пункттарды же банкоматтарды (банктын бөлүмдөрү, мамлекеттик мекемелер, ири соода комплекстери, мейманканалар, аэропорттор ж.у.с.) колдонуңуз. 

2.7. Эгерде, банкоматка жакын жерде Сиз тарабынан күмөндүү адамдар жүргөндүгү байкалса, операцияны жакшы жарык жана коопсуз жерде жайгашкан жерде орнотулган, башка банкоматтан, же накталай акча каражаттарды берүү пунктунан аткаруу сунуш кылынат.    

2.8.      ПИН–кодду киргизүү менен байланышкан операцияны жүргүзүү учурунда клавиатурадан киргизиле турган ПИН–кодду тегеректегилердин көрүп калбашы үчүн этият болуңуз, ал үчүн мисалы, Сиздин аракеттерди видеого жазуу жана киргизилип жаткан ПИН–код тууралуу маалыматты башкалардын көрүп калуу мүмкүндүгүн болтурбоо үчүн клавиатураны экинчи колуңуз менен жаап туруңуз.  Карталар боюнча операцияларды жүргүзүү учурунда башка жактарды жардамга чакырбаңыз.

2.9.      Техникалык жактан жаралган көйгөйлөрдүн кесепетинен банкомат/өзүн-өзү тейлөөчү жабдык  Сиздин Картаны кармап калса, дароо эле маалыматты, Картаны качан жана кайдан алууга боло тургандыгын тастыктоо үчүн банкоматты/өзүн-өзү тейлөөчү жабдыкты тейлөөчү Банк менен байланышыңыз. Телефон аркылуу Банктын колл борбору менен байланышып, Картаны колдонууну убактылуу токтотуу (Картага убактылуу бөгөт коюу) сунушталат.

2.10.    Банкоматтан суралган сумманы толугу менен же кайсы бир бөлүгү алынбай калса же акча салуу (накталай акчаларды кабыл алуу функциясы менен болгон түзүлүштөрдө) операциясын жүргүзүү учурунда көйгөйлөр жаралса,  жаралган көйгөй тууралуу арыз толтуруу үчүн Банкка кайрылыңыз.  

  • Сиздин ПИН–код башка адамдарга белгилүү болуп калгандыгы боюнча Сизде күмөндүүлүк жаралса, Сиздин Карта мыйзамсыз колдонулгандыгы боюнча Сиз күмөндөр болсоңуз, Карта жоголсо, уурдалса же банкомат тарабынан кармалып калса, телефон аркылуу дароо Банктын колл борбору менен байланышуу керек же Картага бөгөт коюу жана жаңы Карта заказ берүү өтүнүчү менен жеке өзүңүз Банкка кайрылышыңыз керек. 

Эсиңизде болсун:

Картаны жоготуп алсаңыз жана ПИН-код ачылып белгилүү болуп кеткен учурда жана ал тууралуу Банкка  билдирилбеген учурда, бардык өткөрүлгөн транзакциялар үчүн жоопкерчилик картанын ээсинде болот.